Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекматов: каттоосуз жашаган жеринен добуш берчүлөр паспортун алмаштырышы керек

© Фото / Зульфия ТургуноваБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов эми №2 форманы сыртта жүргөн мигранттар гана колдоно аларын айтты.
Бекматов: каттоосуз жашаган жеринен добуш берчүлөр паспортун алмаштырышы керек

2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоого жана референдумга эми кыргызстандыктар катталган жери аркылуу гана катыша алат. №2 форманы башка мамлекетте жүргөн гана мекендештер пайдаланмай болду. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоого катышуу үчүн чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктар консулдук эсепке акысыз турушат.

"№2 форма менен бул шайлоодо ички миграцияда жүргөндөр колдоно албайт. Кыргызстандын ичиндеги шайлоочулар катталган жериндеги шайлоо тилкесине барып добуш берүүсү зарыл. Болбосо 29-декабрга чейин каттоосун жашап жаткан жерине которушу шартка ылайык. Тагыраак айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, паспортундагы жашаган жери деген графаны алмаштырышы абзел. Башка учурда шайлоого катыша албай калат. Мыйзам боюнча жаран бир жерде туруктуу 45 күндөн ашык жашаган учурда ошол жерге убактылуу болсо да каттоого турушу керек. Өз кезегинде бул мыйзамды аткарбай, эми шайлоого катыша албай калган жарандардын каттоо маселеси БШКнын эмес, ошол адамдын жеке көйгөйү", — деди Бекматов.

Ал №2 форманы жоюу менен добуш берүүгө 100 миңдей шайлоочу катыша албай калышы мүмкүн деген божомолун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0