Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эгембердиев: абактагылар өздөрүн, айрым мекемелерди азык-түлүк менен камсыздоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель ГСИН КР Аскат Эгембердиев
Председатель ГСИН КР Аскат Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев аталган кызматтын максаты соттолгондорду тарбиялоо, ресоциализациялоо экенин айтты.
Эгембердиев: абактагылар өздөрүн, айрым мекемелерди азык-түлүк менен камсыздоодо

Абактагыларга тарбиялык иштер өткөрүлүп, билим берилип, пайдалуу коомдук жумуш менен камсыз болууда. Тартипти сактоо боюнча борбордук аппаратта былтыр анализ жана мониторинг борборун, маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгын ачтык. Мекемелерге 800дөн ашык видеокамера орнотулду. Бул тууралуу Аскат Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, абакта жатып иштегендер аткарган жумушуна жараша орто эсеп менен 3500 сом айлык алат.

"Коомдук жумушка келсек, жатак абактардагы соттолгондордун күчү менен быйыл 460 тоннадан ашык картошка, 50 тонна сабиз, 60 тонна пияз, үч тонна помидор, сегиз тонна капуста жана 30 тоннадан ашык кызылча алынды. Мындан тышкары, курулуш материалдарын жасоодо алты миллион бышкан, ал эми 100 миңден ашык чийки кирпич, 20 миңдей пескоблок чыгардык. Ошону менен бирге өзүбүздүн өндүрүш цехтер иштеп жатат. Азыркы учурда Кайгуул жана күзөт департаментин, айрым аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамын нан менен камсыз кылып жатабыз. Бул жылы эле 55 миллион сомдук нан продукциясы алынды. Андан тышкары, Чүй өрөөнүндө 26-жатак абагындагылар мал чарбачылыгы менен да алектенип, өзүбүздү эт менен камсыз кылуудабыз. 800дөн ашык тооктон 145 миң даана жумуртка жана 19 тоннадан ашык сүт азыктары алынды", — деди Эгембердиев.

Полковник абакта жаткандар түзүлгөн шартка ылайык 22 кесип боюнча билим алышарын жана аларга кесиптик училищелердин педагогдору сабак өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0