Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: "рабат" деген сөздүн бир нече мааниси бар

© Sputnik / Асель СыдыковаМанасчи, член общественного объединения "Көйкашка" Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосундагы "рабат" деген көөнө сөздүн маанисин түшүндүрүп берди.
Талантбеков: "рабат" деген сөздүн бир нече мааниси бар

"Манас" эпосунда "рабат" деген сөз абдан көп кездешет. Бул сөздүн эки мааниси бар. Биринчиси кербен сарай, мейманкана болсо, дагы биринде ал коргон, сепил же сепилдүү шаар деген маанини түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, абад жана рабат деген сөздөр үндөш болуп, бирдей маанини билдирет.

"Өлкөбүздө Хан-Абад, Кемпир-Абад, Жалал-Абад же болбосо Таш-Рабат деген жер аттары кездешет. "Манас" эпосунда "рабат" деген сөз абдан көп кездешет. Бул сөздүн эки мааниси бар. Биринчиси кербен сарай, мейманкана болсо, дагы биринде ал коргон, сепил же сепилдүү шаар деген маанини түшүндүрөт. Эпостун айрым варианттарында "Өрдөшүнө коктунун "рабат" кылып салса" деп Кошойдун окуясында 40 чорого арналып 40 бөлмөлүү "рабат" салынганы айтылат. Мындан улам учурдагы Таш-Рабат Кошойдун учурунда салынган деп божомол кылууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Албетте, Таш-Рабат боюнча кездешкен бир канча уламыш бар. Бул айтылган да алардын бири болуп калышы ыктымал", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу менен тилдин өнүгүшүнө салым кошо аларыбызды кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0