Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эгембердиева: адабий сындын жоктугу адабияттын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековФилология илимдеринин доктору, Жазуучулар союзунун поэзия секциясынын башчысы, акын Аида Эгембердиева
Филология илимдеринин доктору, Жазуучулар союзунун поэзия секциясынын башчысы, акын Аида Эгембердиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология илимдеринин доктору, Жазуучулар союзунун поэзия секциясынын башчысы, акын Аида Эгембердиева 25тей калемгер документ тапшырып, 17 автор аталган союзга өткөнүн айтты.
Эгембердиева: адабий сындын жоктугу адабияттын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө

Учурда китеп окулбай калганы жана адабий сындын жоктугу адабияттын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Бул тууралуу Аида Эгембердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда жазуучулукка көбүнчө адабиятты эрмек кылып турууну көздөгөндөр баш багып жатканы байкалууда.

"Адабиятка тартылгандар, өзгөчө поэзияга кызыккандар арбын. Алардын көпчүлүгү башка тармактарда иштеп жүрүп пенсияга чыгып, адабиятка анча деле тиешеси жок жүргөндөр. Маселен, былтыр жазуучулар союзуна 25тей калемгер аталган союзга өтүүгө документ тапшырган. Алардын ичинен 17 жазуучу гана уюмга мүчө болуп катталды. Быйыл дагы 14 адам документ тапшырып, комиссиядан жетөө гана өттү. Дегеле адабий дарамети шек жараткандар дагы жок эмес. Булар адабиятты эрмек катары колдонуп, анын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбейби деген кооптонууну жаратат. Учурдагы адабияттын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген жагдайлар — бул китеп окулбай калганы жана адабий сындын жоктугу. Мурда бирөө чыгарма жазса, ага адабиятчы, сынчылар жабалактап пикир айтышчу. Ал адабияттын өсүшүнө жакшы таасирин тийгизген. Учурда мындай нерсе дээрлик жокко эсе", — деди Эгембердиева.

Ошондой эле ал эгемендүүлүк алган жылдардан бери жалпы жонунан 90 роман чыкканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0