Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Меңдебаиров: биздин дүйнө таанымыбыздагы театр бир топ өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров учурда массалык театр, перформанс, саясий театр өңдүү түшүнүктөр пайда болуп, классикалык Европа үлгүсүндөгү театр чоң өзгөрүүгө дуушар болгонун айтты.
Меңдебаиров: биздин дүйнө таанымыбыздагы театр бир топ өзгөрдү

Базар экономикасына өткөндөн кийин даярдалган кадрлардын бардыгы эскирип баратат. Бул тууралуу Назым Меңдебаиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, театрдагы жаңы агымдар тууралуу жаш актёрлордун кээ бирлеринин кабары жок.

"Театр искусствосу бүгүнкү күндө замандын агымы менен башка илимдер менен байланышта болуп калды. Менеджмент, маркетинг же чыгармачылыктын психологиясы болобу, мурдагы театр бир топ өзгөрдү. Театр азыр менеджменттин кайсы бир мыйзамдарын пайдаланбаганы менен ал театрды пайдаланып атат. Театр андан качып кете албайт. Бирок бир өкүнүчтүү нерсе бар. Мисалы, театрдын спектаклдеринин афишаларын эшикке илип, ошол жөнүндө аудио жарнама жасап, радиого берип койгон менеджмент болуп эсептелбейт. Демек, ал жерде менеджменттин такыр башка мыйзамдарын пайдаланып, акырындык менен театрды жогорку деңгээлге жеткириш керек деп ойлойм", — деди Меңдебаиров.

Ошондой эле жетекчи өнүгүү үчүн биринчи кезекте театрдын эски башкаруу системасын өзгөртүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0