Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен

© Sputnik / Диля АлымоваСаламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирусту дарылоонун 5-протоколунда бейтаптардын 80 пайызын үй шартында дарылоого көңүл бурула турганын айтты.
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен

Коронавирусту дарылоонун 5-протоколу 4-протоколдон анча деле айырмаланбайт. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин өзүнчө тобун түзүп, үй шартында дарыланууга көңүл бурулат. Андан тышкары, коронавирус менен ооруп айыккан адамдарга кам көрүү жана өз калыбына келтирүүгө да басым жасалат. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир адамда эки вирус болгон учурда бейтап бир топ эле кыйналат.

"Саламаттык сактоо министрлиги мурдатан бери эле реабилитация тармагын колго алган. Бизде эл аралык деңгээлдеги күчтүү калыбына келтирүүчү топ бар. Мына ушул тажрыйбаны колдонуп министирликтин алдындагы мультидисциплинардык реабилитация группасын түздүк. Андан тышкары, сасык тумоо менен коронавирус бир учурга дал келип калганда дарылануу жолдору каралды. Бул боюнча биз анализ жүргүздүк. Грипп менен коронавирустун айырмасы болбойт экен. Клиникалык белгилери, рентген жана компьютердик томографияга тарткан учурда өпкөдөгү өзгөрүүлөр, оорунун өтүшү жана өнүгүшү абдан окшош чыкты. Муну эң тажрыйбалуу дарыгер деле айырмалай алчудай эмес. Ошондуктан сасык тумоого кабылган же жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп башка вирустук инфекция менен ооруп калган адамдарды да коронавирус болушу мүмкүн деп мамиле жасай турган болдук. Алар COVID-19 менен ооруп калгандай эле обочолонушу керек болот. Андыктан грипп менен коронавирустун айырмасын табабыз деп убара болбой, 5-протоколго киргизилген бир ыкма менен дарылап, көзөмөлгө алабыз", — деди Сооронбаев.

Дарыгер 5-протоколго коронавирус менен ооруп калган боюнда бар аялдарды, балдарды, өнөкөт оорулары бар адамдарды кароо жана дарылоо ыкмалары киргизилгенин да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0