Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү бийликтин маалымат алмашуусу чабал экенин айтты.
Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым мыйзамдар жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетпей эле, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратат. Бирок ал кабыл алынган мыйзам кандай иштеп жатат, таасири оңбу же терспи деп иликтенип, жыйынтык чыгарылбайт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармактагы бийлик органдарына тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын иликтеген доклад даярдап, аны Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Эми экинчи докладда дагы да жөнөкөйлөштүрүп, мыйзамдарды топторго бөлүп жазып чыгып президентке сунуштайбыз. Бул иликтөөнүн үстүндө иштеп жатканда көптөгөн ары кызыктуу, ары кейиштүү окуяларга күбө болдук. Мисалы, алыс барбай борбор калааны эле ала турган болсок, вице-мэрлерди мэр дайындайбы же ким тарабынан бекитилери мыйзамдарда так жазылбай калган. Ошондой эле аймактарда акысыз юридикалык консультация бере турган бирден юрист болуусу тууралуу мыйзам кабыл алынган, бирок аны аткаруу механизми көрсөтүлгөн эмес. Атайын штаттык бирдик бөлүнбөйт. Айыл өкмөтү же мэр юристти кызматка алуусу үчүн башка бир штаттык бирдикти бошотушу керек. Аймактарда бул чоң көйгөй. Анткени 5-10 миң сомдук айлык акыга эч ким барбайт. Ушул сыяктуу чийки жазылган жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Мунун баары Жогорку Кеңештин өз функциясын так аткарбай жаткандыгында, анткени бул орган жазылган мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлдөшү керек", — деди Орозбаев.

Ал республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджетти теңдештирмейин өлкөдөгү экономикалык, саясий маселелер чечилбейт деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0