Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманбек кызы: угуусу начар балдарды окутуу үчүн тиркеме иштелип чыкты

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуДефектолог Жазгул Аманбек кызы
Дефектолог Жазгул Аманбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дефектолог Жазгүл Аманбек кызы жаңсоо тилин үйрөнүп жаткан балдар бир учурда эле эки-үч тилди үйрөнүп жаткандай болорун айтты.
Аманбек кызы: угуусу начар балдарды окутуу үчүн тиркеме иштелип чыкты

Угуусу начар жана укпаган балдарды окутуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Жазгүл Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тиркеме улуттук колоритке басым жасалуу менен ишке ашырылган.

"Балдарды жаңсоо тилине үйрөткөн атайын тиркеме иштеп чыгуу идеясы көптөн бери бар болчу. Бирок аны ишке ашыруу мүмкүн болбой келген. Себеби ага техникалык жактан көмөк керек болчу. Бактыга жараша, бул жагынан тилектеш адамдарга кезигип, биргеликте иш алып баруу менен ушундай натыйжага жеттик. Аталган тиркемени көчүрүп алуу бекер. Арифметика деген бөлүмдө сандар, кошуу, кемитүү ыкмалары көрсөтүлгөн. Ал эми "менин үй-бүлөм" бөлүмүндө идиш-аяк, эмерек, үй жана жапайы жаныбарлар боюнча окутулат. Мындан тышкары, айлана-чөйрө деген бөлүмү бар. Окутуу жеңил болушу үчүн сүрөттөр, ар бир тамганын кол менен көрсөтүлгөнү дагы бар. Мындан тышкары, балдардын кызыгуусу тарап кетпеши үчүн оюн түрүндөгү тесттер дагы киргизилди", — деди Аманбек кызы.

Дефектолог ата-энелер үч жашка чейинки балдарына өзгөчө көңүл бөлүп, алардын угуу, сүйлөөсү жайында экенине маани бере жүрүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0