Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель представительства Госмиграции КР в России Майрамбек Бейшенов
Руководитель представительства Госмиграции КР в России Майрамбек Бейшенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов коронавирустун биринчи толкунунан кийин РФте эмгек мигранттарга талап күч экенин маалымдады.
Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу

Мигранттар туугандарын жана тааныштарын сатып алган үйүнө каттата алат. Бул тууралуу Майрамбек Бейшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттарга жеңилдик берген бир катар мыйзамдар ишке кирүүдө.

"Мигранттардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Алсак, мигранттар кыймылсыз мүлк сатып алган болсо, ага туугандарын жана тааныштарын каттоого тургуза алат. Мындан тышкары, Россияда иш берүүчүлөрдүн электрондук порталы түзүлөт. Ал эмгек мигранттарына ошол аркылуу жумушка орношууга мүмкүндүк түзүлөт. Бул демилге 2021-2022-жылда ишке ашып калуусу күтүлүүдө. Ал аркылуу Кыргызстанда туруп эле иш берүүчү менен байланышып, жумушка орношо алат", — деди Бейшенов.

Ошондой эле ал учурда мигранттарга Россиянын жарандыгын алуу үчүн өз өлкөсүндө жарандыктан чыгуунун кажети жок болуп калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0