Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт

© Sputnik / Асель СыдыковаМиграция маселеси боюнча серепчи Улан Шамшиев. Архив
Миграция маселеси боюнча серепчи Улан Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграция маселеси боюнча серепчи Улан Шамшиев Россияда эмгектенген кыргызстандыктарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү пенсиялык системасынан пайдалануу үчүн азыртан мыйзам негизинде ишке орношууга чакырды.
Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт

Россияда расмий 800 миңдей кыргызстандык мигрант иштесе, анын 470 миңи жумушка мыйзамсыз орношкондор. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эксперттин айтымында, мигранттардын мыйзамсыз иштешине бир тараптуу эле аларды күнөөлөөгө болбойт. Бул жерде көбүнесе иш берүүчүлөр көмүскө жумушка алууну каалашат.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү пенсиялык тутумду колдонуу боюнча жасалган иштерин бул уюмдун ичиндеги чоң кадам катары бааласак болот. Өзгөчө, эмгек мигранты көп биздин өлкөнүн жарандары үчүн бул пайдалуу көрүнүш. Бирок, тилекке каршы, маалыматтын жетишсиздигинен, айрымдары убактылуу каражатка кызыгып жумушка мыйзамсыз эле орношуп иштей бергенди жактырышат. Кызматкер үчүн мунун пайдалуу жагы айлык акысын колуна алат, эч кандай мамлекеттик салык төлөбөйт, пенсиясына акча которбойт, каалаган учурда жумушунан кетип кала алат. Иш берүүчүгө деле артыкчылыктарды алып келет. Ошондуктан расмий түрдө Россияда 800 миңдей кыргызстандык иштесе, анын 470 миңи мыйзамсыз жумушка орношкон. Ошентсе да биздин атуулдарды барган жеринин мыйзамдары менен ишке кирүүгө чакырат элем. Анткени бул биринчи эле кезекте анын келечегине кепилдик берет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн пенсия боюнча бирдиктүү тутумунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачат жана ооруп же кырсыкка кабылып калган учурда мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Тактап айтканда, мыйзамдуу түрдө ишке кирген кыргызстандыктар Россиянын жараны менен бирдей укукка ээ болот", — деди Шамшиев.

Ал аталган маселе боюнча калкка маалымат жеткирүүдө бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тиешелүү деңгээлде иш алып барбай жаткандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 2019-жылдын 20-декабрында ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн президенттери жолугуп, уюм ичинде бирдиктүү пенсиялык система киргизүү боюнча келишимге кол коюшкан. 2020-жылда аталган документти Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин депутаттары ратификациялап беришти. Эми калган мүчө-өлкөлөр өз мамлекетинде ратификациядан өткөрсө, мыйзам күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0