Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кабаева: коронавирус пневмониясын 14-15 жаштагы балдар оор көтөрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный внештатный детский пульмонолог Минздрава Динара Кабаева
Главный внештатный детский пульмонолог Минздрава Динара Кабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун курч респиратордук патология бөлүмүнүн башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы балдар пульмонологу Динара Кабаева балдардын иммунитети алсыз болгондуктан аларды көпчүлүккө аралаштырбоого чакырды.
Кабаева: коронавирус пневмониясын 14-15 жаштагы балдар оор көтөрүүдө

Кичинекей балдардын тамактануусунан көп нерсе көз каранды. Өзгөчө азыркы убакта аларга иммунитетин көтөргөн азык-түлүк берген оң. Ал эми ымыркайларды сөзсүз түрдө эмизүү керек. Эне сүтүндө ооруларга каршы даяр антитело болот. Бул тууралуу Динара Кабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үйдө отурган балдар инфекциялык ооруларды сырттан келген чоң кишилерден жугузуп алууда.

"Дем алуу тутумунун оорулары балдар арасында биринчи орунда турат. Бул көйгөй ар кандай курактагы балдарга тиешелүү. Алар көбүнчө бронхит, пневмония жана жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары менен ооруйт. Муну өз убагында дарылабаса вирус төмөнкү дем алуу органдарына түшүп, илдет ырбап кетет. Бала жөтөлүп, тумоолоп, температура болсо, эмчектеги балдар эме албай калса, ата-эне аны дароо педиатрга алып барышы керек. Дарыгер вирус өпкөгө түшүп, пневмония күчөп кете электе дарылаганга жетишет. Коронавирус рецепторлорго жабышып алуу үчүн S-белокту – ACE2 ферментти колдонот, ал чоң кишилерде көп болот. Ал эми балдарда аз болгондуктан алар ооруну жеңил көтөрүп жатышат. Бирок 14-15 жаштагы балдар бул оорудан кыйналып, оор абалга кабылгандары да бар. Аларды чоң кишилердей эле дарылап жатабыз. Андан тышкары, Кавасаки оорусу менен катталган балдар бар, бирок аз. Аларды дарылоо ыкмасы да даяр", — деди Кабаева.

Дарыгер өлкөбүздө дарыгер-пульмонолог жана жалпы эле педиатрлар өтө аз экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0