Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапаров: кинолорду автордук жана коммерциялык деп бөлүү туура эмес

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуКинорежиссёр, сценарист жана продюсер Эрнест Абдыжапаров
Кинорежиссёр, сценарист жана продюсер Эрнест Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинорежиссёр, сценарист жана продюсер Эрнест Абдыжапаров фестивалдарда ийгилик жаратып, ошол эле учурда элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон кинокартиналар бар экенин айтты.
Абдыжапаров: кинолорду автордук жана коммерциялык деп бөлүү туура эмес

Тартылган кинофильмдерди автордук жана коммерциялык деп бөлүү туура эмес. Бул тууралуу Эрнест Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Sputnikтен сүйлөйбүз" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сапаттуу кино элдин салымы менен тартылып, агартуучулук ролду да аткаруусу зарыл.

"Советтер Союзу ыдыраганда кинолорду коммерциялык жана автордук деп туура эмес которушкан. Мурда бөлүнүп каралчу эмес. Сапаттуу тасмага жогорку категория берилип бүткүл союзга көрсөтүлчү. Ал эми начар тартылгандарга төмөнкү категория ыйгарылып, ал беш-алты нуска менен чектелип калчу. Учурда болсо автордук тасмалар жогору бааланып, ошол эле учурда коммерциялык кино төмөнүрөөк сыпатталып кыргыз киносу бөлүнүп, бири-бирине карама-каршы коюлууда. Чынында кыргыздын киносу сапаттуу тартылып, элге сатылып, ошол эле учурда коомду да тарбиялашы зарыл. Булар бири-бирин толуктап тургандай шарт түзүлүшү керек", — деди Абдыжапаров.

Режиссер учурда фестивалга барууну же пайда табууну гана көздөп эптеп-септеп кино тарткандар дагы бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, 1994-жылдан бери, 17-ноябрь —  Кыргыз киносунун күнү катары белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0