Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис пневмонияга жол бербөөчү жөнөкөй гигиеналык ыкмаларды атады

© Sputnik / Асель СыдыковаПрофессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев
Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев COVID-19 аныкталган бейтаптардын тең жарымында оору симптомсуз өтүп жатканын айтты.
Адис пневмонияга жол бербөөчү жөнөкөй гигиеналык ыкмаларды атады

Коронавирус ооз, мурун жана аз пайызда көз аркылуу жугат эмеспи. Ошондуктан вирустун кире турган "эшигин" маска менен жаап салыңыз. Анан мага жукса эч нерсе болбойт, оңой эле көтөрөм дебестен үйдөгү кичинекей балдарга, кары адамдарга жугузуп койсом эмне болот деп коргонуш керек. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Пандемия убагында эң кооптуу делген жайлар айтылды

Анын айтымында, үйдө дарыланган бейтаптар үй-бүлө мүчөлөрүнөн жакшылап обочолоно ала албай жаткандыктан, үйдөгүлөрүнүн баары ооруп чыгышууда.

"Кыргызстанда коронавирус аныкталган бейтаптардын 50 пайызында оору симптомсуз өтүүдө. Кээ бир адамдар рентгенге түшкөндө пневмония экени көрүнүп жатты. Бирок кийинчерээк илдеттин белгилери пайда болуп, оор акыбалга түшүп, каза болуп калган учурлар катталды. Бул да болсо коронавирустун өзгөчө белгилери. Ошондуктан оору аныкталган адам дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, үйдө дарыланышы керек. Бейтаптын абалы начарласа үй-бүлөлүк дарыгер мобилдик бригадаларды жөнөтөт. Алар ноокасты үйдө калтыра берсе болобу же ооруканага алып кетишеби, ден соолугуна баа берип анан чечим кабыл алышат. Андан тышкары, вирус ооз, мурун аркылуу кирип, ошол жерден көбөйүп, анан өпкөгө түшүп пневмония пайда болуп жатат. Вирустун өпкөгө түшүүсүнө жол бербеген жөнөкөй гигиеналык ыкма бар. Күндө эки-үч жолу жылуу суу менен тамакты, мурунду жакшылап чайкап коюңуз. Эгер вирус мурун, ооз көңдөйүндө бар болсо, чайкаганда ал сөзсүз чыгат", — деди Сооронбаев.

Дарыгер температуранын көтөрүлүшү организмдин вирус менен күрөшүп жаткан белгиси экенин айтып, дене табын нормага чейин түшүрүп салуу туура эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0