Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чынара Эсенгул: учурда үчүнчү дүйнөлүк согуш жүрүп жатат деп айтууга болот

© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по международным отношениям Чынара Эсенгул
Эксперт по международным отношениям Чынара Эсенгул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү ыктымалдуулугу боюнча пикир билдирүүдө серепчилер бир канча топко бөлүнүп калганын айтты.
Чынара Эсенгул: учурда үчүнчү дүйнөлүк согуш жүрүп жатат деп айтууга болот

Учурда жүрүп жаткан гибриддик согуштардын жүрүшүнөн улам, үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп жатат деп айтууга болот. Бул тууралуу Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, теориялык жактан алганда үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу кеп кылардан мурда согуш дегендин аныктамасын тактап алуу зарыл.

Кыргызстан Карабахтагы тирешти токтотуу келишими боюнча позициясын билдирди

"Буга чейинки дүйнөлүк согуштардын башталышы жана бүткөн убактысы так болчу. Ал учурда согуш жарыялоо процесси болуп, кайра жеңилген тарап капитуляция болгонун билдирген. Анын баары документтер менен бекитилген. Ал эми учурда эл аралык мамилелерге сереп салган эксперттер үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталуусу тууралуу пикир билдирүүдө бир нече топко бөлүнүп калган. Айрым аймактарда ар кыл топтор аралашкан гибриддик согуштар жүрүп жатат. Мына ушул көрүнүштү үчүнчү дүйнөлүк согуш катары сыпаттаган серепчилер бар. Албетте, ири державалардын курал колдонуу менен согушу боло элек. Бул көз караштан алганда азыркы окуяларды үчүнчү дүйнөлүк согуш деп атоо туура эмес болуп калат", — деди Эсенгул.

Серепчи учурда дүйнөдөгү ири державалар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн басташып жаткан эки тараптагы күчтөрдү тымызын колдоого алган тирешүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

Гибриддик согуш — душманга кадимки аскердик чабуул жасабастан жашыруун операциялар, киберчабуулдар жана каршылаштын аймагындагы козголоңчуларга колдоо көрсөтүү менен жүргүзүлгөн согуштук аракеттер.

Жаңылыктар түрмөгү
0