Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: жаңыдан жааган, из түшө элек кар "сонор" делет

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда жалпы адамзатка пайда алып келе турган идеялар катылганын белгиледи.
Талантбеков: жаңыдан жааган, из түшө элек кар "сонор" делет

Жаңыдан жааган, из түшө элек кар "сонор" деп аталат. Ал эми "сонорлоо" алгачкы жааган карга түшкөн изди кууп аңчылык кылуу дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөз эпосто эки мааниде колдонулат.

"Из түшө элек карды көпчүлүк "биринчи кар" же "жаңы түшкөн кар" деп колдонот. А чынында "Манас" эпосунда бул түшүнүктүн маанисин берген сөз бар. Бул көрүнүш эпосто "сонор" деп аталат. Ал жаңы жааган жумшак кар дегенди түшүндүрөт. Ал эми "сонорлоо" же "сонор кылуу" деген — жаңы кардагы изди кууп, аңчылык кылууну билдирет. Демек, эпостогу "сонундап сонор кылалык, сонорлоп тоого чыгалык" деген саптар аңчылык кылалы деген маанини билдире турганын аңдасак болот", — деди Талантбеков.

Манасчы эпосту окуу сөз байлыктын өсүүсүнө жакшы таасирин тийгизе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0