Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аданбаев: улуттук бренд жаатындагы өндүрүшчүлөрдү колдоого даярбыз

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев
КРдин Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев стандарттар керектөөчүлөр менен өндүрүүчүлөргө абдан маанилүү нормативдик-техникалык документ экендигин айтты.
Аданбаев: улуттук бренд жаатындагы өндүрүшчүлөрдү колдоого даярбыз

Бизнес түзүмдөрүнө көмөк көрсөтүү, сертификаттоодон өткөрүү багытында иштер жүрөт. Бул тууралуу Бердимамат Аданбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, стандарттар адам турмушунда абдан маанилүү жана жарандардын турмушун болуп кетчү зыяндан коргоого багыттаган документ.

"Стандартташтыруу жана метрология борборунун фондунда 26 000ге жакын стандарт бар. Анын 95 пайызы эл аралык, үч пайызга жакыны Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын стандарттары. Алардын көбү өнөр жай жаатында өндүрүлгөн продукциялар. Мисалы, кол өнөрчүлүккө багытталган улуттук продукциялар стандартка жатпайт. Бирок өндүрүштө болсо стандарты иштелип чыгат. Эгерде улуттук брендди иштеп чыгууда өндүрүшчүлөр тарабынан демилге болсо, аларды колдоп бергенге даярбыз", — деди  Аданбаев

Ошондой эле ал стандарттар өндүрүш процесстеринин бардык эрежелерин, ташууну, продукцияны өндүрүүнү, утилизацияны (жокко чыгаруу) камтыган техникалык-нормативдик документ экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0