Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайназаров: директорлор мектептин чарбалык иштери менен эле алектенип калышты

© Sputnik / Табылды КадырбековСтрановой директор международной НПО "Поиск всеобщих интересов" Кенешбек Сайназаров
Страновой директор международной НПО Поиск всеобщих интересов Кенешбек Сайназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров бүгүнкү күндө директорлордун аброю түшүп, алар мектептин чарбалык иштери менен эле алектенип калганын айтты.
Сайназаров: директорлор мектептин чарбалык иштери менен эле алектенип калышты

Учурда директорлор билим берүүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу эмес, ар кайсы жакка кайрылып, кантип мектебин жаңылап, жылуулап же оңдоп түзөөдөн өткөрүп алса болот деген маселе менен баш оорутуп жүрөт. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы мезгилде мектеп директорун дайындоо үчүн так критерий жок.

"Мектеп директорлорун дайындоодо райондук билим берүү бөлүмү менен акимдин ой пикири омоктуураак болууда. Анда талапкердин билим берүү тармагын, мектепти алдыга алып кете ала турган компетенттүүлүгү тууралуу такыр сөз болбойт. Кээде саясатташып кеткен учурлар да бар. Эгер мектеп директорлорун тандоо боюнча дүйнө жүзүндө колдонулган тактиканы алып карасак, биринчи кезекте талапкер бул жаатта дасыккан менеджер, уюштуруучу болушу шарт. Ошондой эле коллектив менен иштөө сапаттары мыкты, педагогикалык лидерлиги күчтүү болушу зарыл. Мына ушул үч тутум менен тандоо туура. Директор окуучулардын сапаттуу билим алышына жана мугалимдерге шарт түзүп, мектептин билим деңгээлин дагы да көтөрүүнү ойлонушу керек. Директорлорду ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү сунушу абдан туура. Бирок ошону менен бирге шайланып келген директор беш жылдын ичинде жакшы жыйынтык берем деген контракт түзүшү керек. Мисалы, беш жылдын жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрүмдүн 20 пайызы эл аралык мыкты университеттердин студенттери болот деген сыяктуу. Ошондой эле беш жыл мыкты иштеген мүдүргө кийинки жылы кайра эле шайланып келишине мүмкүнчүлүк берген оң. Андан тышкары, анын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап чектөө койгон туура эмес", – деди Сайназаров.

Серепчи мүдүрдүн жумушунда ачыктык, калыстык болуп жана жасалган иши тууралуу отчёт берилип турса эле коррупциялык схема болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0