Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чынара Эсенгул: Карабахтагы чатак тынчтык жолуна түштү деп айтууга эрте

© Sputnik / Асель СыдыковаЭл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул дүйнөдө талаш жаратып, анын чечилиши тездетилбесе чыр-чатактар чыгып кете турган аймактар көп экенин айтты.
Чынара Эсенгул: Карабахтагы чатак тынчтык жолуна түштү деп айтууга эрте

Карабахтагы жаңжал толук кандуу тынчтык жолуна түштү деп айтууга эрте. Мындай пикирин Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Карабахтагы конфликтинин чечилиши Армениянын ички саясатынан көз каранды болуп калышы ыктымал.

Тоолуу Карабахта тынчтык орнотуу: ким эмне үчүн күрөштү?

"Армения менен Азербайжан бир топ согушту. Соңунда, эл кыйналып кеткендиктен, убактылуу элдешүүгө баруу зарылдыгынан улам тынчтыкты орнотуучу күчтөр киргизилүүдө. Бирок стратегиялык жактан алганда ушуну менен эле тынчтык орноп калат деп айтууга али эрте. Анткени Ереванда эл ызаланып, саясий толкундоолор болуп кетти. Ошондой эле чатак болгон аймактарда инфраструктура толугу менен кыйроого туш болду. Анын үстүнө Арменияда "кайрадан согушушубуз керек" деген күчтөр бийлике келип калса, чыр-чатак кайрадан жанданып кетиши мүмкүн", — деди серепчи.

Ошондой эле ал мындай аймактар дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда дагы бар экенин белгилеп, алардын чечилиши кечеңдей берсе олуттуу жаңжал чыгып кетиши ыктымалдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0