Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: "сыргак" деген сөздүн бир нече мааниси бар

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков кыргыз тили БУУнун жакынкы элүү жылда жоголуп кете турган тилдеринин тизмесине кире турганын айтты.
Талантбеков: "сыргак" деген сөздүн бир нече мааниси бар

"Сыргак" дегенди көпчүлүк энчилүү ысым катары кабылдашы мүмкүн. А бирок анын бир нече мааниси бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, тилди дене сыяктуу эле тез-тез азыктандырып туруу керек.

Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"

"Сыргак" дегенде көптөр адамдын ысымы катары кабылдашы мүмкүн. Бул сөздүн башка бир нече мааниси бар. Алсак, "Манас" эпосунда чоролордун бири Сыргактын ысымы башкача болгон. "Сыргак" деген куш бар. Ал — чапчаң, шамдагай, өзгөчө кыраан куштардын бири. Анын сыны, мүнөзү сыпатына окшоп тургандыктан Манастын чоросун Сыргак деп коюшкан. Ошондой эле "сыргак" деп тоодогу сыдырым желди айтат. Аталган сөздүн дагы бир мааниси сак, шырп алдырбаган, сергек дегенди билдирет. Анан дагы бул сөздү энчилүү ат катары балдарга коюшат", — деди Талантбеков.

Манасчы тилди жайылтуу ар бир кыргыз жаранынын милдети экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0