Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аидланова: смартфонубуз биз жөнүндө маалыматтын 90 пайызына ээ

© Sputnik / Асель СыдыковаВеб-адис Айдана Аидланова
Веб-адис Айдана Аидланова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Веб-адис Айдана Аидланова социалдык баракчаларга, банктык карточкаларына, электрондук почта жана башка тармактардын баарына бир эле сыр сөз коюп алуу кооптуу экенин айтты.
Аидланова: смартфонубуз биз жөнүндө маалыматтын 90 пайызына ээ

Жаңы эле сатып алган смартфонго жеке маалыматтарды жазып, уюлдук оператордун SIM-картасын туташтырып, ошондой эле тиркемелерди орнотуп ондогон компанияларга биз жөнүндө маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Бул тууралуу Айдана Аидланова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым компаниялар адамдар тууралуу маалымат топтоп, аны сатышат.

"Телефон кесиптештерибиз жана досторубузга караганда биз жөнүндө көбүрөөк билет. Анда 90 пайыз маалымат сакталат. Ошондуктан телефонубуздун коопсуздугу абдан маанилүү. Смартфон видео, үн жаздырып да алышы мүмкүн. Мисалы, бүгүн эле досуңуз менен бир буюм алууну же тамактанып келүүнү сүйлөшсөңүз, бир-эки күндөн кийин эле интернеттен ошол нерсенин жарнамасын көрүп каласыз. Алсак, компаниялар кардарлары тууралуу маалымат чогултуп, өз кызматын ким кандайча пайдаланарын жакшыраак билип, анын негизинде продукцияны өркүндөтүп, башка кызматтарды да кошушат. Колдонуучулар жөнүндө маалыматтарды топтоп, анализдеп, сайттарга максаттуу жарнамаларды беришет. Ошондой эле сиз геолокацияңызды күйгүзгөндө үйүңүздүн жанында жайгашкан фитнес-клубдун жарнамасын көрө аласыз. Андан сырткары, көп адамдар телефонду блоктогондо, почтасына, түрдүү баракчаларына бир эле сыр сөздү колдонот же болбосо туулган күнү, номерин жана аты-жөнүн жазып коюшат. Мындай кылган туура эмес. Андан көрө хеш-функцияны колдонуңуз. Ал жөнөкөй сөздү татаалдаштырып берет", — деди Аидланова.

Адис смартфонго, SIM-картага PIN-код коюп, телефонго антивирусту көчүрүп, операциялык системаны улам жаңылап туруу менен аппаратты коопсуз колдонсо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0