Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор ботсада Гулайым Донбаева
Директор ботсада Гулайым Донбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева аталган бакчада өрттүн чыгуусунун болжолдуу себептерин атады.
Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес

Ботаникалык бакчанын тегереги жакшы курчалбагандыктан үй-жайы жок селсаяктар көп жүрөт. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бакча мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде каржыланбайт.

Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат

"Акыркы жылдары Ботаникалык бактын аймагында өрт көп чыгып жатат. Буга бир канча жагдайлар түрткү болушу ыктымал. Алардын эң орчундуусу — ирригациялык системанын эскилиги. Ал союз учурунда курулган боюнча жаңыртылган эмес. Мындан улам бакчанын аймагы кургап кетүүдө. Мамлекет тарабынан техникалык тейлөөгө каражат бөлүнбөгөндүктөн, кызматкерлердин, ыктыярчылардын күчү менен мүмкүн болушунча тазалап, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле бакчанын тегереги жакшы курчалбагандыктан үй-жайы жок селсаяктар көп жүрөт. Эс алуучулардын арасында дагы өрт коопсуздугун сактабай, тартипке баш ийбегендер кездешет. Мына ушунун баары өрттүн чыгуусуна себеп болушу ыктымал. Анан, албетте, өрт пайда болгондон кийин ар кандай пикирлер жаралат", — деди Донбаева.

Ал Ботаникалык бак 2011-жылы өзгөчө коргоого алынган аймактар жөнүндө мыйзамга киргизилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0