Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: дайыма кан тапшырып турган адамдын иммунитети көтөрүлөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваРеспубликалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев. Архив
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев хижама жасатуу, сүлүк курт менен кан алдыруу жана донордук жол менен кан тапшыруу методдорун салыштырды.

Мен расмий билдирүү жасайт элем, хижама жасатуу жана сүлүк курт менен кан сордуруу ден соолукка кооптуу. Бул тууралуу Бакыт Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда

Анын айтымында, сүлүк курт менен дарыланууда канга аба кирип кетип ооруга чалдыккан учурлар кездешет.

"Хижама жолу менен кан чыгаруу опурталдуу иш. Колдонулуп жаткан жабдуулардын талапка ылайык болушунан сырткары аны жасап жаткан адам медик болушу керек. Ошондой эле хижама жасатып жаткан бейтаптын канга байланыштуу оорулары бар-жогун тактоо зарыл. Медиктер ал тургай баланы сүннөткө отургузууда дагы тиешелүү справкаларды талап кылышат. Сүлүк курт тууралуу айта турган болсок, анын да коркунучтуу жактары бар. Биринчиден, адамда эч кандай арам кан деген болбойт. Канды боор, көк боор, бөйрөк тазалап турат. Андыктан сүлүк курт жөн гана адамдын канын соро берет. Ал курсагы тойгондо тиштеп алган жерин бошотот. Бул учурда канга аба кирип кетсе көйгөй жаралат. Мен каалоочуларды мындай ыкмалардан алыс болуп, кан чыгаруу менен жеңилдөөнү кааласа атайын донор болуп катталууга чакырат элем. Анда, биринчиден, медиктердин көзөмөлүндө, тиешелүү анализдер алынган соң кан берилет. Экинчиден, дайыма кан тапшырып жүргөн адамдын иммунитети күчтүү болот", — деди Карабаев.

Ал кан чыгарууда алгач адис менен кеңешүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0