Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапар уулу: "Акыркы көч" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болот

© Sputnik / Асель СыдыковаКинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу
Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан "Акыркы көч" кинокартинасы Таллинде өтө турган "Темные ночи" кинофестивалына катышып, кинонун дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болорун айтты.
Жапар уулу: "Акыркы көч" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болот

Тасмада улуу курактагы белгилүү жазуучунун жашоосунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Анда социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын азыркы абалы чагылдырылды. Бул тууралуу Дастан Жапар уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кыргыз режиссёрлорунун "Акыркы көч" тасмасы Таллиндеги фестивалга катышат

Анын айтымында, буга чейин тартылган "Атанын керээзи" жана азыркы "Акыркы көч" фильминин сценарийин өздөрү жазган.

"Биздин кинокартина "Темные ночи" кинофестивалынын сынактык программасына киргени чоң сыймык. Быйыл пандемиядан улам беш ири кинофестиваль иш-чара өткөрүүдөн баш тартты. Ошондуктан бул сынакка катышууну каалаган атаандаштарыбыз да кескин көбөйдү. Мурда 20 тасма номинацияларга ат салышса, азыр 25 фильм конкурска катышат. "Акыркы көч" көркөм фильми "Кыргызфильм" киностудиясынын жана "Билимкана" коомдук фондунун колдоосу менен тартылган. Анда Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жаратты. Фильм ак-кара түстө тартылып, кинонун маани-маңызына абдан жарашты. Ал эми биздин эмгектер чет өлкөлүк көрүүчүлөр үчүн анда көрсөтүлгөн жаратылыш, айыл, адамдардын сүйлөгөнү, кийингени жана каада-салты менен кызык. Кино Бишкек, Каракол жана Түргөн жайлоосунда тартылды. Фильмдин "Акыркы көч" деп аталып калышынын түпкү мааниси улуу курактагы жаратман Айтматовдордун мууну кетип баратат деген ой берилди", – деди Жапар уулу.

Режиссёр фестиваль 18-ноябрдан 29-ноябрга чейин Эстонияда өтөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Темные ночи" кинофестивалы 2014-жылдан тарта "А" категориясына кирген. Башкача айтканда, Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ. 2018-жылы белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" фильми аталган кинофестивалда баш байгени жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0