Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Джусумбеков: козу карынды абдан майдалап жеген өтө пайдалуу

© Sputnik / Табылды КадырбековПодводка: Козу карын өстүрүү боюнча технолог Эрмек Джусумбеков
Подводка: Козу карын өстүрүү боюнча технолог Эрмек Джусумбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Подводка: Козу карын өстүрүү боюнча технолог Эрмек Джусумбеков аталган азык менен тамактануу организмге кандай таасир берерин айтып берди.
Джусумбеков: козу карынды абдан майдалап жеген өтө пайдалуу

Козу карынды негизинен 12 жаштан кийинкилер жана 70 жашка чейинкилер жеген жакшы. Бул тууралуу Эрмек Джусумбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ичегини жакшы иштетип, бетти тазартат. Организмге пайдалуу азык аталды

Анын айтымында, козу карында пайдалуу аминокислоталар көп.

"Козу карын деп аталышынан эле ата-бабаларыбыз бул азыктын даамын таткан экен деп билсек болот. Алар балким анын сырткы келбетин окшоштуруп же даамынан улам ушундай атап коюшкандыр. Козу карын адам организми үчүн өтө пайдалуу. Кыргыздар эт жегенди жакшы көргөн калк дейбиз, себеби этте белок бар. Бирок козу карындан айырмаланып ашказандын аны сиңириши оор болот. Бул тамак жегиликтүү, сиңимдүү келип, биздин ичеги-карындарыбызды кыйнабайт. Бирок аны майда күкүмгө айлантып же ботко кылып жегенде гана пайдалуу. Жөн гана туурап, кууруп жеп алганда эч кандай пайда болбойт. Козу карынды 12 жаштан өйдө , 70 жашка чейин гана жегенге болот", — деди Джусумбеков.

Технолог козу карын семиртпей салмакты бир калыпта кармоого да жардам берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0