Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудаяров: адам сатуу боюнча козголгон кылмыштардын көбүндө ымыркайлар сатылган

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгынын улук прокурору Тилек Кудаяров
Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгынын улук прокурору Тилек Кудаяров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгынын улук прокурору Тилек Кудаяров адам сатуу боюнча кыскартылган кылмыш иштери кайрадан изилденип жатканын айтты.
Кудаяров: адам сатуу боюнча козголгон кылмыштардын көбүндө ымыркайлар сатылган

"Адам сатуу" беренеси менен козголгон кылмыш иштердин 90 пайызы  — ымыркайларды сатуу фактылары. Бул тууралуу Тилек Кудаяров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шантаж менен сексуалдык эксплуатацияга мажбурлоодо дагы адам сатуунун элементтери бар.

Коронавирустун сойкулукка таасири. Кытайлык кыздар япондорго "айланып"...

"Адам сатуу фактылары 171-беренеде каралат. Бирок статистика боюнча, аталган берене менен 90 пайыз учурда ымыркайларды сатуу фактысы менен иш козголгон. Адамдын укугуна шек келтирип, эмгек жана сексуалдык эксплуатацияга мажбурлоо дагы ушул эле категорияга кирет. Талдоолорго ылайык, интимдик кызмат көрсөтүүгө тартууга туура келген 166-беренеде дагы адам сатуунун элементтери бар. Себеби бул жерде алдоо жолу менен жумуш сунуштап, кийин шантаж кылып сойкулукка мажбурлап жатат", — деди Кудаяров.

Прокурор адам сатуунун алдын алуу боюнча өнөктүктөр жакшы натыйжаларды бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0