Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кинолог: көп жыл иштеген кызматтык иттер "пенсияга" чыгарылат

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев
ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев аталган борбордун ачылганына жарым кылымга чукулдап калганын айтты.
Кинолог: көп жыл иштеген кызматтык иттер "пенсияга" чыгарылат

Кызматтык иттер 10 жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан алар "пенсияга" чыгарылат. Бул тууралуу Эрлан Искембаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кинолог кесибинин ээси болуш үчүн 6 айдан бир жылга чейин окутулат.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

"ИИМдин кинологиялык борбору 1973-жылы түптөлгөн. Анда окутуп-үйрөтүү үчүн тийиштүү техникалык база бар. Бул республика боюнча бирден-бир базасы бар кинологиялык борбор болуп саналат. Ал жакта эмгектенген кинологдорго бир же эки ит бекитилет. Кызматтык иттер атайын комиссиянын тандоосу менен алынат. Себеби төрт буттуу досторубуздун айрымдары коркок болуп же саламаттыгы ылайыксыз болуп калышы ыктымал. Бир кинолог өзүнө бөлүнгөн иттерди гана машыктырууга укугу бар. Кызматтык иттер 10 жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан алар "пенсияга" чыгарылат. Бул иттер деле биринчи кезиккен адамга берилбейт. Жакшы кам көрүп, тийиштүү деңгээлде бага ала турган адамдарга гана берилет. Жеке өзүм бир итти "пенсияга" узаттым", — деди Искембаев.

Кинолог кызматтык иттер кылмыш иликтөө, баңгизаттарды издеп табуу, жардыруучу заттарды аныктоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу төрт багытта даярдала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0