Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: миллиарддап зыян келтиргендерге экономикалык мунапыс берилбеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев учурда өлкөдө жарыяланган экономикалык мунапыс жөн гана чакырыктай болуп жатканын айтты.
Сарыбаев: миллиарддап зыян келтиргендерге экономикалык мунапыс берилбеши керек

Мамлекетке миллиардаган зыян келтиргендерге экономикалык мунапыс берилбеши керек. Анткени алардын мыйзамсыз аракети мамлекеттин түзүлүшүнө, моралдык, социалдык-экономикалык абалына кедергисин тийгизген. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна  маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө буга чейин үч жолу экономикалык мунапыс жарыяланып, натыйжа берген эмес.

30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу

"Мамлекеттик кылмышкерге экономикалык мунапыс берүү мүмкүн эмес. Миллиондогон, миллиарддаган зыян келтиргендер соттун чечими менен эркинен ажыратылып, ошол каражаттын баары кайра кайтарылат. Эгерде соттун чечими, тергөөнүн тыянагы жок болсо, ал жөн эле чакырык болуп калат. Бул даана коррупционерлердин жолу. Мамлекеттин казынасынан миллиондогон доллар өөнөгөндөр жөн эле каражат жагынан зыян келтирген жок. Алар мамлекеттин түзүлүшүнө, моралдык, социалдык, экономикалык абалына кедергисин тийгизди. Анткени алар бир кезде уурдап алган акчаны тегеретсе, он жылдын ичинде он эсе көбөймөк. Жүздөгөн, миңдеген адамдын жашоосунун жакшырышына өбөлгө болмок. Медицина, билим берүү, чек ара тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк түзмөк. Андыктан коррупционерлер мамлекеттик кылмышкер катары жоопко тартылышы керек", — деди Сарыбаев.

Профессор өлкөгө чоң суммада зыян келтиргендер мамлекеттик кылмышкер катары эсептелип, аларга жеңилдик берилбеши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0