Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: коом билимсиз эмес, тарбиясыз болуп баратат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева. Архив
Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева коомчулукта кыздардын тарбиясына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Жумабаева: коом билимсиз эмес, тарбиясыз болуп баратат

Ата-бабаларыбыз кагазга түшүрүлбөгөн этнопедагогика менен эле канчалаган муунду тарбиялап келген. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, бул салттык тарбия берүүгө көңүл бурулбай жатат. Мындай пикирин Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тарбияны сөзсүз эле коомдон же ата-энеден күтүп отура бербей, адабият, интернет булактары аркылуу да алса болот.

"Советтер Союзу мезгилинде өсүп келе жаткан муунду мамлекет тарбиялачу эле. Азыр ар бир бала өзүнчө бир инсан катары каралып, анын келечекте кандай болору толугу менен ата-энеге жүктөлгөн. Ал эми мугалим билим бериши керек. Көп учурда коомдо баланын тарбиясын да мугалимден күтүп отура беришет. Ооба, канчалык бир деңгээлде окутуучулары деле тарбиялашат, бирок алар негизинен билим берүүчүлөр болуп эсептелет. Кыргыз коомунда баланын тарбиясы үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгынын жоопкерчилиги астында жүргүзүлгөн. Жазылбаган мыйзамдары менен эле көөдөнү кенен, көкүрөгү терең адамдар өсүп жетилген. Биз учурда мына ушул этнопедагогиканы унутуп калдык. Экинчиден, азыр адамдардын көпчүлүгү жалкоо, кайдыгер болуп, баласына мыкты тарбия бериш үчүн китеп барактамак турсун, өзүнүн жүрүм-турумун оңдоого кызыккандар өтө аз", — деди Жумабаева.

Педагог экономикалык кризис, миграция маселелери бала тарбиялоодо тоскоолдук жаратат деген пикир жөн гана шылтоо деп эсептээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0