Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

© Sputnik / Асель СыдыковаВетеринар Ашырбай Жусупов
Ветеринар Ашырбай Жусупов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринар Ашырбай Жусупов малды убак-сааты менен бастырып, тиешелүү гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгын айтты.
Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

Мал чарбалары кышка карата комплекстүү даярданышы керек. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорулардын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында малдын түрүнө жараша бөлөк-бөлөк багылуусу керек.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

"Мал күзүндө жайлоодон эттүү келет. Ушул кезде дайымкы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, семиз малга эмдөө жасалса эффективдүүлүгү жогорураак. Учурда ветеринария кызматы тарабынан тогуз ылаңга каршы акысыз вакцина сайылат. Андан тышкары, малдын тоюту салына турган акырды, суу иче турган ноосун, деги эле короону жазда жана күздө дезинфекциялоо шарт. Себеби илдеттер көбүнчө малдын жаткан жеринен жугат. Анан албетте комплекстүү тоют даярдалат. Тоют ар түрдүү жана витаминдүү болсо, семиз мал ооруга көп чалдыкпайт", — деди Жусупов.

Адис фермер түзүүдө алгач аталган багытта тиешелүү адабияттарды окуп, керектүү маалыматтарга ээ болуу менен мал багууну сапаттуу деңгээлге чыгарса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0