Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акмарал Алмазбек: кийинүү образы, стилдин үстүнөн иштөө үч этаптан турат

© Фото / Анипа ДулатоваСтилист Акмарал Алмазбек
Стилист Акмарал Алмазбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стилист Акмарал Алмазбек алдыга умтулган, коомчулук менен мамиле кыла билген адам жарашыктуу, стилдүү жана модалуу кийине билиши керектигин айтты.
Акмарал Алмазбек: кийинүү образы, стилдин үстүнөн иштөө үч этаптан турат

Мода — бул модельер жана дизайнерлердин жеке көз карашы жана табити. Ал эми стилдүү кийинүү бул жан дүйнөбүздү жана өзгөчөлүгүбүздү белгилеп, модалык тенденцияларды эсепке алуу менен курулган образ десек болот. Мындай пикирин Акмарал Алмазбек Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аял-эркектики деп бөлүнбөйт. Парфюмер атыр тандоонун сырын ачты

Анын айтымында, стилдүү кийинүү үчүн жалаң гана саркеч буюмдарды сатып алуу талап кылынбайт.

"Акыркы бир жылда Кыргызстанда стилисттер көбөйүп, аны менен кошо бул кызматты колдонгон адамдар да арбыды. Мен 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдардын образдарынын үстүнөн иштейм. Негизи стилисттин кардардын кийинүү образынын үстүнөн иштөөсү үч этаптан турат. Алгач жеке консультацияда кардар кызыккан суроолоруна жооп алат. Өзүнүн негизги көйгөйлөрү менен бөлүшөт. Стилист анын келбети, фигурасы жана кызмат ордун эске алып өзүнүн сунуштарын берет. Андан соң гардеробду талдоо этабы кардардын үйүндө өтөт. Анда эски, жарашыксыз, батпай калган кийимдер өзүнчө бөлүнөт. Калган кийимдерди бири-бирине айкалыштырып комплект түзүлөт да, ошол жерден жетишсиз элементтер белгилүү болуп калат. Ага жараша тизме түзүлүп, дүкөндөргө барып кошумча жарашыктуу кийимдер сатып алынат. Ал эми күзүндө аба ырайы туруксуз болгондуктан "кабаттап" кийинүү ыкмасы ыңгайлуу болот. Мисалы, футболка, көйнөк, жилет, анын үстүнөн пальто кийип алуу керек. Бул жерде стилдик градус көтөрүлөт жана үшүп да калбайсыз", — деди Алмазбек.

Стилист базалык гардеробдо бир өңдүү, жөнөкөй тигилген, ыңгайлуу кийимдер болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0