Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Дайыркул Саткынов
Руководитель районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Дайыркул Саткынов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов кышка карата малды кайсы ылаңдардан эмдетүү керектигин айтып берди.
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат

Учурда шарпка, бруцеллезго, кара санга, күл ылаңына, оспага, паразитардык илдеттерге жана оорунун очогу бар жерлерде эхинококкозго каршы эмдөө иштери жасалууда. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тогуз айдын планы дээрлик аткарылып, жугуштуу мал ылаңдары боюнча эпизоотиялык кырдаал өлкө боюнча туруктуу.

Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

"Азыр малды күзгү эмдетүү иштери массалык түрдө жүргүзүлүүдө. Алсак, ири мүйүздүүлөргө шарпка, ал эми ача туяктууларга бруцеллезго, паразитардык ооруларга жана айрым жерлерде эхинококкозго каршы эмдөө иштери жасалууда. Мындан тышкары, майда жандыктарга кара сан, күл жана оспа ылаңдарына каршы сайылууда. Бул иштер атайын пландын негизинде аткарылып жатат. Райондук ветеринардык кызматтарда 10-11ден жалпы республика боюнча 300дөй ветеринардык инспектор бар. Аларга жогорку жана атайын орто билими бар, ветеринардык палатадан каттоодон өткөн, райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар менен келишими бар расмий ветеринардык адистер жардамдашат. Мындай адистердин жалпы саны өлкө боюнча 1200 адам. Булар кан алуу, ийне саюу иштерин жүргүзөт", — деди Саткынов.

Ошондой эле ал кутурма, күйдүргү, бруцеллез, күл, кыргын ылаңдары милдеттүү түрдө эмдетилип, аларга каршы сайыла турган вакциналар мамлекеттен бериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0