Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрмегалиев: психикалык оорунун жеңил түрү менен жабыркагандар көбөйдү

© Sputnik / Асель СыдыковаЗамдиректора по лечебной части РЦПЗ Кубанычбек Эрмегалиев
Замдиректора по лечебной части РЦПЗ Кубанычбек Эрмегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев калк арасында психикалык оорунун жеңил түрү менен ооругандардын саны көбөйгөнүн айтты.
Эрмегалиев: психикалык оорунун жеңил түрү менен жабыркагандар көбөйдү

Кыргызстанда психикалык оору менен жабыркаган 50 миңден ашуун адам каттоого алынган. Бейтаптар чоң шаарларда көбүрөөк. Бул тууралуу Кубанычбек Эрмегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Адис: күзгү депрессияны алкоголь менен жеңем дегендер жаңылышат

Анын айтымында, психикалык оорулардын түрүн аныктап, так диагноз коюу мүмкүнчүлүгү жаралды.

"Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарыгерлер психикалык оорулардын түрүн, белгисин аныктоо боюнча окуудан өтүштү. Азыр дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жашоону өзгөрттү. Калк арасында стресс, депрессия, невроз, неврастения менен ооруган адамдар көбөйүп жатат. Негизи эле Кыргызстанда эгер психиатрга же психологго барсам каттоого алынып, "кызылдай жинди" атыгып калам деген стигма бар. Биз психикалык оорунун катуу түрү менен ооругандарды беш жылга каттоого алабыз. Аларды дарылап, карап турабыз, эгер оорусу күчөбөй абалы жакшырса, тизмеден чыгарылат. Ал эми Республикалык психикалык ден соолук борборунда психикалык оорулардын жеңил түрүн дарылаган эки бөлүм бар. Учурда ал жерге ооругандар абдан көп түшүүдө. Бул адамдар бир жылдык профилактикалык каттоого алынат. Баары жакшы болсо каттоодон чыгарылат. Эгер депрессия же көңүл чөгүү эки жуманын ичинде өтүп кетпесе, сөзсүз адистерге кайрылуу зарыл. Өз өмүрүнө кол салуу болушу ыктымал. Өзгөчө суицид жаштар арасында өсүп жатат", — деди Эрмегалиев.

Дарыгер карантин маалында адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү менен мамилесин бекемдеп, бири-биринин кулк-мүнөзүн жакындан билгенге мүмкүнчүлүк жаралганы менен үй-бүлөлүк чыр-чатак, зордук-зомбулук күч алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0