Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Масиянова: почта менен жиберилген буюм жоголсо, компенсация төлөнөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун директорунун орун басары Уулжан Масиянова
Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун директорунун орун басары Уулжан Масиянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын эл аралык почта алмашуу жана логистика борборунун директорунун орун басары Уулжан Масиянова эки киллограмга чейин кат жөнөтмө болуп саналаарын маалымдады.
Масиянова: почта менен жиберилген буюм жоголсо, компенсация төлөнөт

Почта кызматы аркылуу жиберилген буюм жоголуп кетсе, жөнөтүүчүгө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жиберилген буюм жоголуп кеткен учурлар сейрек, бирок кездешет.

"Почта кызматы аркылуу жиберилген буюм жоголуп кетсе, жоготуп жиберген өлкө жөнөтүүчүгө компенсация төлөйт. Мындай жагдайда эл аралык кат алмашуу аркылуу окуянын чоо-жайын аныктайбыз. Мисалы, Кыргызстандан кетирген аманат ал жакта жок болуп калса, кабыл алган тарап тийиштүү кат менен кайрылат. Эгерде өлкөнүн почта кызматы тарабынан күнөө кетсе, буюмдун наркы төлөнөт. Бул башка мамлекеттерде да иштейт. Башкача айтканда, чет жактан Кыргызстанга жиберилген аманат келбей калса, ошол өлкөнүн почта кызматы ал буюмдун баасын төлөп берет. Анын наркын аныктоо кантип жүрөт деген суроо жаралышы ыктымал. Аманатты жиберип жатканда жиберүүчү адам буюмдун баасын жазып, анын наркынан 10 пайызын кызмат акы катары төлөйт. Ошол аркылуу эле аныктап коюга болот", — деди Масиянова.

Ошондой эле ал аманат жөнөтүүдө ажырабаган буюм болсо 30, эгер бөлүүгө мүмкүн болсо 20 киллограммга чейин уруксат берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0