Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Казаков: сапаттуу архитекторлорду өстүрүү үчүн устаканалар керек

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхитектор, эл аралык инновациялык технологиялар университетинин архитектура боюнча окутуучусу Иманбек Казаков
Архитектор, эл аралык инновациялык технологиялар университетинин архитектура боюнча окутуучусу Иманбек Казаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Архитектор, эл аралык инновациялык технологиялар университетинин архитектура боюнча окутуучусу Иманбек Казаков архитектура жаатында билим алган студенттер үчүн компьютердик бөлмөлөр жетишсиз экенин айтты.
Казаков: сапаттуу архитекторлорду өстүрүү үчүн устаканалар керек

Кыргызстанда КГУСТА, Кыргыз-Россия Славян университети, Эл аралык инновациялык технологиялар окуу жайы жана Бишкек архитектура жана курулуш колледжи толук кандуу архитектура боюнча билим берет. Бул тууралуу Иманбек Казаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Түрттүрүлүп, кайра курулат. "Ак кула" ипподромунун долбооруна тендер жарыяланды

Анын айтымында, азыркы талапка ылайык архитектура жаатында билим алгандар компьютердик программалар менен иштөөнү мыкты өздөштүрүүcү зарыл.

"Архитектуралык билим алган студенттин башка жумуштар менен алектенгенге мүмкүнчүлүгү аз. Окуудан тышкаркы убактысы үй тапшырмаларын аткарганга эле кетип калат. Ошондуктан бул кесипти тандаган адам толук өзүн окууга арнашы керек деп эсептейм. Архитектурада окуган студент күндүр-түндүр курстук иштерин аткарып, долбоорлорду чийүү менен алектенет. Биздин өлкөдө бул жаатта жетиштүү билим алуу үчүн окуучуларга устакана керек. Андан тышкары, ЖОЖдордо билимдүү мугалимдердин санын көбөйтүү зарыл. Ошону менен бирге компьютердик класстарды да көбүрөөк ачуу керек. Бизде балдар 1-2-курста долбоорлорду колго чийсе, кийинки курстарда компьютердик программаларды үйрөнүп, иштешет. Улуу муундагы мугалимдер колго чийүү жагынан жакшы билим бергени менен акыркы чыккан программалар менен иштөөнү үйрөтүүдө аксап калып жатышат. Анын үстүнө ал кишилердин жашы келип калгандыктан жаңы программаларды үйрөнүүгө умтулушпайт. Бирок айрым окутуучулар, тескерисинче, жаштардан сурап үйрөнүүдөн да тартынышпайт. Учурда бизде студенттерди бул багытта чет мамлекетке билим алууга жиберүү программалары жок", — деди Казаков.

Ал Кыргызстанда таланттуу архитекторлор көп экенин, бул жакта туруп Европадан тапшырык алып долбоор чийип берип жаткандарын белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0