Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: региондорго чыгуу үчүн врачтардан турган топ даяр турушу зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор НЦКиТ имени М.Миррахимова Акпай Сарыбаев
Директор НЦКиТ имени М.Миррахимова Акпай Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев болжолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна карата айрым көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунушун айтты.
Сарыбаев: региондорго чыгуу үчүн врачтардан турган топ даяр турушу зарыл

Эпидемия күчөп муктаждык жаралса, жеке автоунааларды мобилизациялоо керек. Мындай пикирин Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыгы олуттуу көңүл бура турган маселе.

Өзгөчө абал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери. Инфографика

"Пандемияга чейин эле тез жардамда автоунаалар жетишсиз болчу. Аталган кызмат Бишкек шаары 30-35 пайызга эле автоунаа менен камсыздалган. Аймактарда абал мындан да аянычтуу. Вирус жуктургандар көбөйгөндө тез жардамга болгон муктаждык 10-15 эсе өсүп, алар такыр жетишпей калды. Ошондуктан болжолдонуп жаткан экинчи толкунга кызуу даярдыктарды көрүү керек. Мисалы, согуш чыгып кетсе мобилизациялоо үчүн жарандар автоунаа сатып алганда военкоматтан каттоого алып коюшат. Эпидемия деле согуштан айырмасы жок болуп жатпайбы. Ошондуктан жарандардын автоунаасын мобилизациялоо жолун карап көрүү керек. Бирок аны санитардык талаптарга ылайыктап алуу зарылдыгы бар", — деди Сарыбаев.

Дарыгер пандемиядан кийин көптөрдүн медицина тармагына карата көз карашы өзгөрүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0