Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эшенов: футболду өнүктүрүүдө көйгөйлөр көп

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз футбол союзунун машыктыруучулук билим берүү менеджери Мирлан Ишенов
Кыргыз футбол союзунун машыктыруучулук билим берүү менеджери Мирлан Ишенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз футбол союзунун машыктыруучулук билим берүү менеджери Мирлан Эшенов футбол боюнча Азия чемпионатынан кийин аталган спорттун өлкөдө элге тарашы жакшы көрүнүш экенин белгиледи.
Ишенов: футболду өнүктүрүүдө көйгөйлөр көп

Өлкөдө футболдун массалык спорт катары тарашы анын өнүгүшү үчүн жакшы. Бул тууралуу Мирлан Эшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жогорку деңгээлдеги футболчуларды даярдоо үчүн төрт академия иш алып барат.

Апта футболчусун аныктоо. Гүлжигит Алыкулов Сон Хын Минден да ат чабым алдыда

"Футбол боюнча Азия биринчилигинен кийин спорттун аталган түрү абдан жайылууда. Бул футболдун өнүгүүсү үчүн жакшы жагдай. Алсак, эл оозуна алынып, таланты менен таң калтырып жаткан Гүлжигит Алыкулов биздин академиядан чыккан. Ал эми ал академия иш алып барыш үчүн атайын талаптар бар. Башкаруу жакшы болуп, алдыга 4-5 жылга карата план түзүлүшү керек. Машыктыруучулардын квалификациясы жогорку деңгээлде болушу зарыл. Ошондо гана татыктуу, таланттуу жаш футболчуларды даярдай алат. Бирок бул тармакта тийиштүү кадрлардын, каражаттын тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрүбүз көп. Аларды чечүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. Алсак, АФКнын "элиталык жаштарды өнүктүрүү" программасынын мүчөсү болгонбуз. Аталган долбоордун алкагында 13-21 курагындагы жаш футболчулар тарбияланат. Жакында эле АФКдан атайын комиссия келип академияларды текшерип, натыйжада Ош шаарындагы академияга бир жылдыз берилди", — деди Эшенов.

Ошондой эле ал региондордогу жеткинчектердин футболун өнүктүрүүгө багытталган программалар киргизилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0