Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Памиров: чек арадан өтөрдө жаш балдардан тест талап кылынбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик чек ара кызматынын паспорт-виза, маалымат жана талдоо бөлүмүнүн башчысы полковник Мэлис Памиров
Мамлекеттик чек ара кызматынын паспорт-виза, маалымат жана талдоо бөлүмүнүн башчысы полковник Мэлис Памиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын паспорт-виза, маалымат жана талдоо бөлүмүнүн башчысы полковник Мэлис Памиров Кыргызстанга кирүү боюнча кабыл алынган жаңы алгоритм тууралуу маалымат берди.
Памиров: чек арадан өтөрдө жаш балдардан тест талап кылынбайт

Кыргызстандын чек арасынан өтүп өлкөгө кирген жарандардын мектеп жашына чейинкилеринен ПЧР-тест талап кылынбайт. Бул тууралуу Мэлис Памиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

Анын айтымында, чек арадан учак менен өткөн жүргүнчүлөрдүн ПЧР-тести 5-октябрдан тарта сурала баштайт.

"Кыргызстанга кирген жарандар үчүн жаңы алгоритм иштелип чыкты. Ага ылайык, сентябрдын 26сынан тарта автоунаа менен келген жүргүнчүлөрдөн коронавирустун жоктугун тастыктаган ПЧР-тести текшерилип баштады. Мындай эреже авиа жүргүнчүлөр үчүн 5-октябрдан тарта күчүнө кирет. Аталган медициналык билдирме мектеп жашына чейинки балдардан талап кылынбайт. Ошондой эле чек ара кызматкерлерине ПЧР-тестин көргөзбөй өтө бере турган кишилер категориясына борт коштоочулар, учкучтар, чоң жүк ташыган унаа айдоочулары жана башка өлкөнүн элчиликтеринин, консулдуктардын кызматкерлери кирет", — деди Памиров.

Ал ПЧР-тест чек араны кесип өтөрдөн 72 сааттан кеч эмес убакта тастыкталган болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0