Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Романов: Кыргызстанда кутурма оорусунан жылына 1-2 киши каза табат

© Sputnik / Табылды КадырбековВетеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов. Архив
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов денеге кутурма вирусунун киргени 3-6 жумада байкаларын айтты.
Романов: Кыргызстанда кутурма оорусунан жылына 1-2 киши каза табат

Кутурма адамдын жашына, жаныбар тиштеп алган жерине, жаракаттын оор же жеңил экендигине байланыштуу өнүгөт. Мисалы, жаракат баш же бет жакта болсо кыска, ал эми бут жакта болсо оорунун өнүгүү мезгили узак убакка созулат. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

Анын айтымында, Кыргызстанда кутурма оорусунан жылына 1-2ден киши каза табат.

"Оорунун өнүгүүсү үч этапка бөлүнөт. Башталыш этабы тиштелген жер ачышып, кызарып, шишип чыгат. Вирус нерв жолдору менен жүрүп отуруп, баш мээни жана жүлүндү катуу жабыркаткандыктан, адамдын ички дүйнөсүндө жана психикасында өзгөрүүлөр пайда болот. Суудан, жарыктан корко баштайт. Элден бекинип, көпчүлүктү жактырбай, жалгыздыкты самайт. Башы ооруп, алсырап, тамакка табити тартпайт. Экинчи этап — кутуруу процесси. Ары-бери чуркап, көзү кызарып, шилекейи агып, тер басат. Бул учурда адам тиштеп алышы мүмкүн. Кийинки этапта ооруган адам тынчтанып, коркунуч сезими жоголот. Оорулуунун буту баспай, алдастай баштайт да өлүмгө дуушар болот. Бизде 2018-жылы студентти, экинчи учурда кичинекей баланы ит тиштеп алып каза болушкан. 2019-жылы бир кемпирди да ит тиштеп алып, ал ооруканага кайрылбай жүрө бергендиктен бир жуманын ичинде көз жумган. Өлкөбүздө жылына 1-2 киши бул илдеттен каза болот. Ал эми өткөн жылы 31 малдан кутурма табылган. Көбү ит жана ири мүйүздүү малдан чыкты. 2015-жылдан бери ар бир итти эмдөөдөн өткөрүп, каттоо күбөлүктөрүн берип, маалыматтык базага каттап жатабыз. Былтыртадан баштап мындай итке каргы да тагып баштадык", — деди Романов.

Адис кутурмадан өлгөн жаныбарлар ветеринардык-санитардык талаптардын негизинде өрттөлүп же беккари чуңкуруна салынып жок кыланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0