Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ырсалиева: экологиялык көйгөйлөр экономикалык чыгымдарга туш кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАйлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, эколог Айгүл Ырсалиева
Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, эколог Айгүл Ырсалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, эколог Айгүл Ырсалиева өлкөдө көчкү түшүү коркунучундагы миңден ашуун тоо бар экендигин айтты.
Ырсалиева: экологиялык көйгөйлөр экономикалык чыгымдарга туш кылат

Жер кыртышынын нымдалышуусу, оор жүк ташыган автоунаалардын каттоосу сейсмикалык термелүүлөргө алып келет. Бул тууралуу Айгүл Ырсалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, экологияга көңүл бурулбаса ал эбегейсиз экономикалык чыгымдарды жаратат.

Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды

"Жакында Кара-Кече — Дыйкан жолуна абдан чоң өлчөмдөгү көчкү түшүп, 600 метр аралыктагы жолду тосуп калды. Буга жамгыр, кардын көп жаашынан улам жер кыртышынын нымдалышы, оор габариттүү жүк ташуучу автоунаалардын каттоосу сейсмикалык термелүүлөргө алып келүүдө. Ошондой эле кен казуу иштери дагы өз таасирин тийгизбей койбойт. Негизи эле Кыргызстандын 90 пайыздан ашуун аймагы тоолуу жер болуп саналат. Бизде миңден ашуун жер көчкү түшүшү мүмкүн деген жерлер бар. Мындай кырсык кайталанбашы үчүн тийиштүү органдар даярдыкта болуусу шарт. Учурда өлкөдө экономикалык көйгөлөргө көбүрөөк басым жасалып, экологияга анчейин маани берилбей келет. А чынында экологияга аяр мамиле кылышыбыз керек. Себеби ушул сыяктуу жаратылыш кырсыктары түз жана кыйыр түрүндө эбегейсиз экономикалык чыгымдарга туш кылат", — деди Ырсалиева.

Эколог көмүр казуу иштерин дагы тийиштүү талаптарды сактоо менен жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0