Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абакиров: кепилдик фонду ишкерлерди колдоо үчүн бир миллиард сом бөлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров. Архив
Кепилдик фонд ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров президенттин аймактарды өнүктүрүү Жарлыгына ылайык региондордогу ишкерлерге колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын айтты.
Абакиров: кепилдик фонду ишкерлерди колдоо үчүн бир миллиард сом бөлөт

Коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин жоюу максатында ишкерлерди колдоо үчүн бир миллиард сом бөлүндү. Акча Бишкектен башка аймактардагы ишкерлерге берилет. Бул тууралуу Малик-Айдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул каражатты берүү үчүн банктар арасында аукцион өткөрүлөт.

Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты

"Пандемия ишкерлерге терс таасирин тийгизүүдө. Муну жоюуга көмөктөшүү үчүн "Кепилдик фонд" тарабынан атайын программа иштелип чыкты. Натыйжада "Кепилдик фонддун" капиталы бир миллиард сомго көбөйтүлдү. Мунун баары аймактардагы ишкерлерди колдоо максатында берилет. Бериле турган насыянын максималдуу суммасы 10 миллион сом, пайызы 10дон жогору болбойт. Бул көп ишкерге бир учурда жардам берүү максатында жасалууда. Ал эми убактысы беш жылга чейин. Өкмөт ишкерлерди колдоого 14 миллиард сом корото турганын билдирген. Биздин долбоор да анын алкагында ишке ашууда. Ошондой эле президенттин аймактарды өнүктүрүү Жарлыгынын негизинде каражаттар Бишкектен башка аймактарга берилет", — деди Абакиров.

Төрага фонддун приоритеттүү тармактары айыл чарба, кайра иштетүү, өндүрүш жана туризм экенин белгилеп, бирок ипотека жана керектөөчү насыя ала тургандардан башкасына кепилдик бериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0