Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырбаев: муктаждыкка жараша ижарага техника алып көмүр казабыз

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев. Архив
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев көмүр казып алуу менен алектенген ишканалар колдоого муктаж экенин белгиледи.
Ашырбаев: муктаждыкка жараша ижарага техника алып көмүр казабыз

Көмүр казуу үчүн мамлекеттин техникасы жетишсиз. Ошондуктан муктаждыкка жараша тийиштүү техника ижарага алынат. Бул тууралуу Канат Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көмүр казуу тармагындагы ишканалардын жабдууларын жаңыртуу үчүн эки сунуш берилген.

Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

"Жетиштүү деңгээлде көмүр казуу үчүн мамлекеттин техникасы аз. Учурда үч экскаватор, төрттөн жүктөөчү машина (погрузчик), карьердик самосвал жана көмүр ташуучу автоунаа, ошондой эле бир бульдозер бар. Бирок муктаждыкка жараша тийиштүү техниканы ижарага ала калабыз. Учурда 9 экскаватор иштеп жатса, дагы ошончо техника оңдоодо турат. Тоодо оор шартта иштегенде тез-тез сынып, бузулуп калат экен. Ошондуктан бул тармакка жеңилдетилген насыя берүү жана лизингге техника алуу боюнча программалар ишке кирсе, жетишсиздик боюнча көйгөй чечилип калмак", — деди Ашырбаев.

Аткаминер ошондой эле керектүү техникаларды дароо сатып алуу үчүн көпчүлүк ишканалардын мүмкүнчүлүгү жетпей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0