Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаршеналы уулу: шайлоочулар мыйзам бузулса 1255 номерине кайрыла алат

© Sputnik / Асель СыдыковаЧлен рабочей группы по агитации ЦИК Адилет Шаршеналы уулу
Член рабочей группы по агитации ЦИК Адилет Шаршеналы уулу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт иштеринин эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү Адилет Шаршеналы уулу үгүт учурунда мыйзам бузуу аныкталса шайлоочуларды БШКга кайрылууга чакырды.
Шаршеналы уулу: шайлоочулар мыйзам бузулса 1255 номерине кайрыла алат

Үгүт иштери учурунда болгон мыйзам бузууларга ыкчам аракет көрүү максатында атайын кыска номер ачылган. Жарандар шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кандайдыр бир эреже бузууга күбө болсо 1255 кыска номерине чалса болот. Бул тууралуу Адилет Шаршеналы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулар, мындан тышкары, БШКнын сайтына билдирүү калтырып койсо да болот.

"Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү жана үгүт иштери боюнча мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ар бир шайлоо комиссиясынын деңгээлинде ыкчам чара көрүү координациялык тобу түзүлөт. Ага укук коргоо органдарынан, шайлоо комиссияларынан, жергиликтүү бийликтен мүчөлөр кирет. Мындай топ БШКнын деңгээлинде да өз ишин алып барат. Арыз, даттанууларды ушул топ карайт. Андыктан шайлоочулар үгүт учурунда же шайлоо өнөктүгүндө кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болсо, 1255 кыска номерине чалып билдирсе болот. Ошондой эле БШКнын сайтына да электрондук билдирүү калтыруу мүмкүнчүлүгү бар. Аталган координациялык топ келип түшкөн доо, арыздарга ыкчам чара көрөт", — деди Шаршеналы уулу.

Бекматов: шайлоодо акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот

Ал шайлоочуларды өз укугун коргоп, талапкерлерден мыйзамды сактоосун талап кылуу зарылдыгын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0