Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эржигитов: беш жыл аралыгында МИК аркылуу 4 700 адам үйлүү болду

© Sputnik / Асель АкматалиеваМамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов. Архив
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов беш жыл аралыгында 4700дөн ашуун адам аталган мекеме аркылуу турак жайлуу болгонун айтты.
Эржигитов: беш жыл аралыгында МИК аркылуу 4 700 адам үйлүү болду

Мамлекеттик ипотекалык компания пандемиядан улам кардарларга жеңилдиктерди берүүдө. Ар бир насыя алуучу менен жекече сүйлөшүү жүрөт. Бул тууралуу Мелис Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен быйыл 500 миллион сом каралган. Аталган сумманын 61 миллиону берилип, калганы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу токтоп турган. Эми 200 миллиону бөлүндү.

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын түзүлгөнүнө беш жыл толду. Бул аралыкта 16 000ден ашуун үй-бүлө турак жайлуу болду. Жалпысынан 5 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды. Бирок пандемия учурунда бизде да кыйынчылыктар жаралды. Өлкө бюджетинен бөлүнчү каражаттын 200 миллиону экинчи жарым жылдыкта араң берилип отурат. Бул да болсо коронавирустун экономикага тийгизген таасиринен деп билсек болот. Ошого карабай биз өз кардарларыбызга жеңилдиктерди берүүнү улантуудабыз. Буга чейин 1000дей жаран арыз менен кайрылып насыясынын мөөнөтүн белгилүү бир учурга жылдырып туруу боюнча жеңилдик алышты", — деди Эржигит уулу.

Ал жеңилдик берүүнүн негизинде 40 миллионго чукул каражатты төлөө мөөнөтү узартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0