Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырбаев: быйыл Бишкекте көмүр былтыркыга салыштырмалуу арзан

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор ГП "Кыргыз Комур" Канатбек Ашырбаев
Директор ГП Кыргыз Комур Канатбек Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев көмүр ишканалары күз-кыш мезгилине даяр экендигин айтты.
Ашырбаев: быйыл Бишкекте көмүр былтыркыга салыштырмалуу арзан

Көмүр социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Андыктан баасы Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Канат Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча 985 миң тонна көмүр даярдалды.

Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

"2020-2021-жылдын күз-кыш мезгили үчүн бюджеттик-социалдык мекемелерге 240 миң тонна, ал эми элдин керектөөсүнө 1 миллион 110 миң тонна көмүр тартуу пландалган. Ошондой эле Бишкек ЖЭБи 1 миллион 110 миң тонна көмүр менен камсыздалуусу шарт. Мунун 700 миң тоннасы Кара-Кечеден, 60 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн, 336 миң тонна казак көмүрү алып келинет. Ал эми 127 миң тонна көмүр Кара-Кечеден ташылды. Баалар боюнча айта турган болсом, карантин учурунда көмүргө болгон муктаждык төмөндөдү. Анткени көптөгөн тамактануучу жайлар, мончолор иштеген жок. Мындан улам наркы арзандады. Учурда Кара-Кеченин көмүрүнүн базардагы баасы Бишкекте 3100-3300 сомго жетүүдө. Бул былтыркыга салыштырмалуу 200 сомго арзан. Көмүрдүн наркын Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөйт. Себеби ал социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Эгерде бааны жасалма көтөрүүгө аракеттенгендер болсо, аларга тийиштүү органдар тарабынан чара көрүлөт", — деди Ашырбаев.

Ошондой эле ал учурда көмүр казуу менен жалпысынан 45 ишкана алектенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0