Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдугулова: быйыл 16 мектептин ички санитардык курулушу калыбына келтирилет

© Фото / Айгуль ЖунушалиеваАРИСтин "Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун адиси Жылдыз Турдугулова. Архив
АРИСтин Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун адиси Жылдыз Турдугулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АРИСтин "Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун адиси Жылдыз Турдугулова 2017-жылдан бери аталган долбоор ишке ашырылып жатканын айтты.
Турдугулова: быйыл 16 мектептин ички санитардык курулушу калыбына келтирилет

Айылдарда активдүү жарандар менен биргеликте гигиенаны сактоо үчүн шарттарды түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жылдыз Турдугулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул багыттагы иштер атайын долбоордун алкагында жасалууда. Аны КРдин өкмөтү Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырып жатат.

Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт

"Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында мектептерди суу менен камсыздоо, гигиенаны сактоо үчүн ажатканаларды талаптарга жооп бергидей реабилитациялоо пландалган. Натыйжада Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы 94 айылдагы 95 мектепте социалдык курулуштар модернизацияланды. Учурда 25 мектепте бул иш жыйынтыкталды. Ал эми быйылкы жылга карата 16 мектепте ички санитардык объектилер калыбына келтирилет. Мындан тышкары, төрт мектепте тышкы ажатканалар шартка ылайык курулат. Долбоордун алкагында айыл тургундары менен гигиенаны сактоо үчүн санитардык шарттарды түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деди Турдугулова.

Адис долбоордун максаты жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн аймактардагы санитардык абалды жакшыртуу болуп саналарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0