Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Экономист: эки нерсеге салынган инвестициядан ар дайым пайдасын гана көрөсүң

Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова үй-бүлөлүк бюджеттен келечекке инвестицияны туура салуу боюнча кеңеш берди.
Экономист: эки нерсеге салынган инвестициядан ар дайым пайдасын гана көрөсүң

Эки нерсеге салынган инвестиция дайыма пайда гана алып келет. Бул билим алуу жана ден соолукту бекемдөө. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер адамда кымбат буюм сатып алуу же билим алууга каражат коротуу тандоосу турса сөзсүз түрдө экинчисине басым жасаганы дурус.

"Үй-бүлөлүк бюджетти чыңдоо максатында адамдар келечекке инвестиция салышат. Ишкерликтей эле бул жерде да кайсы тармакка каражат коротсом, кийин пайдасын көрөм деп ойлонуш керек. Ошондой эле ашыкча каражат пайда болгондо да аны бир багытка жумшап, келечекке кам көрүү же көңүлдөгү кымбат бир буюмду сатып алуу тандоосу жаралат. Мындайда сөзсүз түрдө кийин пайдасын көрө турган тармакты тандоо керек. Алар экөө гана: билим алуу жана ден соолукту чыңдоо. Ушул эки нерсеге жумшалган каражат эч убакта зыян алып келбейт", — деди Акимова.

Экономист ашыкча каражат пайда болгон учурда аны үй-бүлө мүчөлөрүнүн курстарга окуп же башка бир багытта кесип үйрөнүүсүнө жумшоо зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0