Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: плинтусту "сарпак" деп колдонсок болот

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда азыр биз колдонуп жүргөн көп сөздөрдүн кыргызча варианттары кездешерин айтты.
Талантбеков: плинтусту "сарпак" деп колдонсок болот

"Манаста" плинтусту "сарпак" деп түшүндүргөн саптар бар. Аны бүгүн дагы күнүмдүк турмушта колдонсок болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлүк идеологияны ээрчигендер көп.

Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"

"Учурда курулуш тармагы абдан өнүгүүдө. "Манас" эпосунда да архитектура жакшы өнүккөндүгү айтылат. Азыр полго жана шыпка плинтус кадалат. Мына ушул түшүнүк Сагымбай Орозбаковдун вариантында "сарпак" деп берилет. Хан сарайларды айтканда плинтусту "сарпактай кашы чийилип" деген сүрөттөө менен келтирген саптар бар", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал келечекте көөнө сөздөрдү камтыган китеп чыгаруу пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0