Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазбаков: Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы келечеги абдан кең

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков. Архив
Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков Кыргызстан аталган уюм алкагында жеңил өнөр жайы тармагы боюнча башкаларга үлгү боло аларын айтты.
Сазбаков: Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы келечеги абдан кең

ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын келечеги абдан кең. Бул тууралуу Алмаз Сазбаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уюмга мүчө болгон беш мамлекеттин экономикасы бири-бири менен тыгыз байланышкан.

Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү көбөйүүдө

"ЕАЭБ — жаш уюм. Уюшулганына болгону беш жылдын жүзү болду. Ошентсе да чоң ийгиликтерди багындырып келе жаткан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн кошуун. Бирликтин төрт жылдыгын жыйынтыктоодо өткөрүлгөн жыйында Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги айтылган. Мындай ийгиликтерди багындыруу үчүн башка өлкөлөр көптөгөн эмгектерди жасоосу керек. Ал эми келечекте ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электр энергия рыногу, мунай затын кайрадан иштеп чыгаруу тармактары түзүлүүдө. Бул учурда өлкөдөгү мунайды кайра иштеткен беш завод тең ишке кирет. Аталган долбоорлор алдыңкы беш жылда ишке ашат", — деди Сазбаков.

Ал ошондой эле бирлик алкагында документ алмашууну электрондоштуруу иштери кызуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0