Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: салыктык туумдарды жоё турган мыйзам ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган иштер уланып жатканын айтты.
Сазыков: салыктык туумдарды жоё турган мыйзам ишке кирди

Салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 1-июлуна чейин карызынын негизги суммасын төлөсө, аларга чегерилген туумдар, айыптар жоюлат. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Контрабанданы азайтат. Өкмөт "Санарип салым" сервисин ишке киргизүүдө

"Камсыздандыруу боюнча жана салык карыздары топтолуп кеткен жарандарыбыз бар. Алар кандайдыр бир себептер менен төлөй албай калган. Буга байланыштуу туумдар, санкция, айыптар салынат. Натыйжада карызы мурдагыдан да көбөйө берет. Мындан улам салык төлөөчүлөргө көмөк көрсөтүү максатында мыйзам иштелип чыккан. Ага ылайык, эгерде 2021-жылдын 1-июлуна чейин жарандар салыктын негизги суммасын төлөсө, кошумча төлөмдөр жоюлат. Ал эми 2021-жылдын 31-декабрына чейин негизги сумма төлөнсө, салык төлөөчүлөрдүн туум, айып, санкцияларынын 50 пайызы жоюлат", — деди Сазыков.

Ошондой эле 2019-жылдан бери камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу Салык кызматына жүктөлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0