Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кусеинова: 1-класстарга тамак берилген учурда танапис 20 мүнөт болот

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки КР Айнура Кусеинова
Ведущий специалист Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки КР Айнура Кусеинова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова быйыл мектеп босогосун 156 миң окуучу аттаганын айтты.
Кусеинова: 1-класстарга тамак берилген учурда танапис 20 мүнөт болот

1-класстардын сабактары убактылуу 20 мүнөттөн, ал эми танапистери 5-10 мүнөт болот. Ысык тамак берилген учурда окуучулар 20 мүнөт танаписке чыгат. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Токтомаметов: мугалимдер онлайн окутууда билбегенин тартынбай сурап турсун

Анын айтымында, 1-класстар мектепке барып, ал эми калгандары аралыктан окушат.

"Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-класстардан башкасы алгачкы чейректи аралыктан окушат. Мындай чечим 14-августтагы өкмөттүн жыйынында кабыл алынган. Эгерде эпидемиологиялык абал жакшы жагына өзгөрө турган болсо, акырындык менен башка класстар дагы реалдуу режимге өтүшү ыктымал. Бул боюнча бир нече алгоритмдер иштелип чыккан. Окуулар тиешелүү органдар тарабынан берилген сунуштамалардын негизинде бардык санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт. Анда мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин милдеттери жана укуктары камтылып, жер-жерлерге жеткирилген. Учурда ошонун негизинде иш жүрүүдө. 1-класстар мектеп босогосун алгачкы жолу аттап жатканына байланыштуу окуу көндүмдөрү калыптанбаганын эске алып, социалдык адаптация болуш үчүн убактылуу 20 мүнөттүк, мурдагыдан кыскартылган сабактар өтүлүүдө. Танапистер 5 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин созулушун сунуштадык. Ал эми ысык тамак берилген учурдагы танапис 20 мүнөт болот", — деди Кусеинова.

Адис ар бир танаписте окуу өткөрүлгөн бөлмөлөр желдетилип турушу шарт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0